Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Коогалаңда набыт болгон милиционерлерди эскерген мелдеш өтүүдө


Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуясында курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган ИИМдин “Самбо” боюнча республикалык мелдеши өтүүдө.

Мындай маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ башталган мелдешке республикадагы ички иштер башкармалыктарынан жана министрликтин өзүнөн куралган 11 команда катышууда.

Күч органдардын арасында кылмыштуулукту алдын алуу, мекенди сүйүүгө күжүрмөн тартипти сактоону максаттаган мелдеш милиционерлердин спорттук дене тарбиясын жогорулатуу болуп саналат. Быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан мелдеш жыл сайын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси астында өтүүдө. Июнь коогасында жалпысынан 10 милиция кызматкери курман болгон. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG