Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ЕККУ: Донбасста абал кескин начарлады


Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу келишими болгонуна карабастан бир нече айдан бери абал курчуп баратканын белгилейт. Өткөн бейшемби күнү эле бул келишимди бузган 4 миң учур катталганын аталган уюмдун атайын мониторинг жүргүзүү миссиясынын төрагасы Эртугрул Апакан Киевде билдирип, эки тараптын тең бул режимди бузуп жатканы өкүнүчтүү экенин айтты.

ЕККУнун миссиясынын төрагасынын орун басары Александр Хуг атышуулар өтө көп болуп жаткандыктан аларды саноо дагы мүмкүн болбой калып жатканын кошумчалады. Байкоочулар эки тарап тең жаңы миналарды орнотуп жаткан учурлар көп катталып жатканын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG