Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Базар-Коргондо курулуучу көп кабаттуу үй ипотекага берилет


Райондун Эне-Сай участкасында курулушу башталып жаткан 80 батирлүү көп кабаттуу үй ипотекалык ыкмада берилет.

Бул тууралуу район акими Таалайбек Дөлдөев “Азаттыкка” билдирди. Курула турган жер аныкталып, документтери даярдалып бүттү. Кытай инвесторлору тарабынан каржылануучу инфраструктура долбоорунун алкагындагы үйдүн курулушун Мамлекеттик курулуш ишканасы аткармакчы. Курулуш апрель айынын соңунда анын курулушу башталарын Дөлдөев кабарлады.

Бир жана эки бөлмөлүү батирлерди ипотекалык ыкмада мамлекеттик кызматкерлерге бөлүштүрүү жагы каралууда. Эгерде бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, кытай инвесторлору тарабынан район аймагына 24 көп кабаттуу үйдөн турган жаңы кичи район куруу кийинки жылдарга пландалган.

Район аймагындагы беш кабаттуу алгачкы алты үй 1985-жылдары курулган. 2010-жылдан кийин Мамлекеттик дирекция тарабынан эки жерге эки кабаттуу үй курулуп, жабырлануучуларга таратылган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG