Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Атамбаев жапон премьер-министрине көңүл айтты


Алмазбек Атамбаев жана Синдзо Абэ, 27-февраль

Алмазбек Атамбаев жана Синдзо Абэ, 27-февраль

Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн курмандыктарга алып келген Кюсю аралындагы зилзалага байланыштуу Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

«Кыргызстан эли ушул оор учурда жапон элинин азасын тең бөлүшөт», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.

Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болгон. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG