Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Аксыда социалдык көйгөйлөр талкууланат


Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын борборунда 20-апрелде айылдагы социалдык маселелерге арналган элдик жыйын болорун “Азаттыкка” жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди.

Надырбековдун айтымында, жыйында негизинен беш маселе көтөрүлөт. Алар: мурда сатылып кеткен жалгыз бала бакчаны калыбына келтирүү, 8 миңге чукул калк жашаган айылга маданият үйүн ачуу, бузулган ички жолдорду оңдоо, ооруканадан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакка тез жардам унаасын бөлүү жана балдарга берилүүчү жөлөк пул алуу тартибин жеңилдетүү болмокчу.

Жыйынга райондук жана облустук бийликтен да өкүлдөр чакырылды. Буга чейин дагы эки ирет ушул айылдын тургундары социалдык төлөмдөргө байланыштуу митингге чыккан. (RsK)

XS
SM
MD
LG