Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Караколдо өспүрүмдү өлтүргөн кылмышкердин соту башталды


Соттун биринчи отуруму 15-апрелде жабык режимде өттү.

Өткөн жылдын 24-декабрында Каракол шаарында он жаштагы кыз менен жети жаштагы инисин бычактап кеткен адам кармалган. Маалым болгондой, кыздын денесине көп жолу бычак сайылып, анын иниси оор жаракат алган.

Окуя күндүзгү саат 11.00 чамасында бир туугандардын ата-энеси жумушта жүргөндө болгон. 25-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы кылмышка шектүү делип жабырлануучу үй-бүлөнүн тууганы - 43 жаштагы Жусуп аттуу жергиликтүү тургун кармалганын маалымдаган.

Учурда жабыркаган баланын абалы канааттандырарлык. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG