Жалал-Абад шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн куралган топ өнөр жай аймагындагы таштандыларды тазалашты. Шаардык мэриянын маалымат борборунун билдиришинче, журналисттер көңүл сыртында калган аймакты тазалоо менен башка мекеме-ишканаларга үлгү боло алды. Анткени өнөр жай аймагындагы жерлер буга чейин тазаланбай калып кетчү. (RsK)