Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

18-апрелге карата аба ырайы


Кыргызстанда 18-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +11...+16

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +10...+15

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +13...+18

Баткен облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +11...+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +9...+14

Нарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14

Бишкекте 18-апрелде күндүз катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12 градус, күндүз 14...16 градус болот (AzK)

XS
SM
MD
LG