Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Бишкекте Үркүндүн 100 жылдыгына карата эл аралык конференция өтөт


20-кылымдын башы
20-кылымдын башы

18-19-апрелде Бишкек гуманитардык университетинде боло турган конференцияга жергиликтүү окумуштуулар жана чет элдик илимпоздор катышат. Анда 1916-жылдагы Үркүндүн себептери талкууланып, азыркы коом үчүн маанисине баа берилет. Эл аралык конференцияны Билим берүү министрлиги, Бишкек гуманитардык университети жана Абсамат Масалиев атындагы фонд уюштурууда. Ага бийлик өкүлдөрү да катышат.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында былтыр 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы-окумуштуулар кирген топ түзүлгөн. Анда "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" сунушталган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG