Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Бишкекте Куран окуу боюнча жарыш өтүүдө


Куран
Куран

“Адеп башаты” прогрессивдүү фонду тарабынан алтынчы жолу уюштурулуп жаткан сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү бүгүн Бишкектеги Спорт сарайында өтүүдө.

Республикалык Куран окуу таймашынын тандоо сынактары аймактарда 3-апрелде өткөн. Андагы жеңүүчү деп табылган 24 киши куранды бүгүн кырааты менен окуу боюнча күч сынашып жатышат. Сынактын эң кенже катышуучусу тогуз жашта, улуусу 25 жашта. Баш байгени алган катышуучуга 270 миң сом сыйлык берилет. Ал эми сыйлыктын эң аз көлөмү 68 миң сом.

“Адеп башаты” прогрессивдүү фондунун жетекчи орун басары Азат Жолдубаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, бул иш чаранын башкы максаты – Куран окууну жайылтуу жана ислам дини тынчтыктын жарчысы экенин коомчулукка жеткирүү болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG