Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Катарда мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн жолугушуусу башталды


Доха шаарындагы жолугушууда мунайга бааны көтөрүү үчүн аны өндүрүү деңгээлин төмөндөтүү маселесин талкуулоо пландалууда. Жыйынга 15 мамлекеттин өкүлдөрү - негизинен ОПЕКтин (Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму) мүчөлөрү, мындан тышкары Орусия өңдүү бул уюмга кирбеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жыйналды.

Буга чейин расмий Тегеран Дохага өзүнүн бир да өкүлүн жөнөтпөгөнүн билдирген. Өз кезегинде мунайдын алдыңкы дүйнөлүк экспортеру саналган Сауд Аравия мунай өндүрүү деңгээлин төмөндөтүү боюнча келишимге Иран макул болмоюнча кол койбостугун айтууда. Иран мунай өндүрүүнү январь айынын деңгээлине төмөндөтүү сунушуна макул болбой жатат. Анткени Иранда мунай өндүрүү санцияларга чейинки деңгээлден дагы эле төмөн.

Эл аралык энергетикалык агенттик Дохадагы сүйлөшүүгө чоң үмүт артуудан алыс болууну эскертип, ал мунай ташууга бир аз гана таасир көрсөтөрүн белгиледи. Ал ортодо РИА Новости агенттиги бүгүнкү жолугушууну баштоо убактысы Сауд Аравиянын өтүнүчү менен кармалып жатканын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG