Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Македонияда беш күндөн бери нааразылык уланууда


Cкопьеде нааразылык уланууда, 16-апрель, 2016
Cкопьеде нааразылык уланууда, 16-апрель, 2016

Скопье шаарында миңдеген демонстранттар бешинчи күнү нааразылыкты улантып, президент Георге Ивановдун кызматтан кетишин жана июнга белгиленген шайлоону башка мөөнөткө жылдырууну талап кылууда. Адегенде 24-апрелге белгиленген шайлоо Евробиримдиктин ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 4-июнга жылдырылган. Өлкөнүн опопзициялык күчтөрү Македонияда таза жана ачык шайлоого шарт жоктугун жүйө келтирүүдө.

Бул өлкөдө саясий кризис премьер-министр Никола Груевски башында турган өкмөт 20 миңден ашуун кишинин телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз жаздырып алганы ачыкка чыккандан кийин башталган. Январь айында кызматтан четтеген Груевски мындай айыпты четке кагып, чуулгандуу окуянын бетин ачкан оппозициялык саясатчы Зоран Заевди өкмөттү кулатуу үчүн кутум уюштурган деп айыптайт.

Өткөн аптада президент Иванов мыйзамсыз үн жазууларга тиешеси бар делген 56 мамлекеттик кызматкерге кечирим бергенден кийин Скопьеде нааразылыктын толкуну кайрадан күчөдү. 14-апрелде алты полиция кзыматкери жараат алып, бир демонстрант камалды. Президент Иванов мындай кадамга улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн барганын жана өз чечиминен баш тартпай турганын айткан.

Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттар Македониянын президентинин чечимин сынга алып, алдыда өтчү мөөнөтсүз шайлоого залакасын тийгизет деген чочулоосун билдирген.

XS
SM
MD
LG