Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Тбилисиде студенттер университеттин имаратын тосуп салышты


Тбилисидеги студенттердин акциясы
Тбилисидеги студенттердин акциясы

Студенттер жогорку билим берүүдө, эң биринчи кезекте жогорку окуу жайларды башкарууда терең реффрмаларды талап кылышууда. Тбилиси мамлекеттик университетинин элүүгө жакын студенти - "Аудитория 115" деп аталган студенттик кошуундун мүчөлөрү окуу жайдын башкы имараттарынын биринин эшиктерин мыктап, кире беришти парта, отургучтар менен тосуп салышты.

Дагы 150дөй студент 1-корпустун алдында митинг уюштуруп, андан соң премьер-министр Георгий Квирикашвилинин кеңсесин көздөй жөнөштү. Шаардын борбордук Руставели проспектиси бир саатка чукул жабылды. Акциянын катышуучулары “Университетке автономия”, “Эркиндик, теңдик жана тилектештик” деп кыйкырып баратышты.

Андан мурда университеттин ректору, академик Владимир Папава окуу жайды атайын кызматтардын жашыруун кызматкерлеринен тазалай албай койду деген студенттердин айыптоосунан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Университетте окуу процесси дээрлик токтоду. Студенттер талаптары аткарылбаса ачкачылык кармайбыз деп коркутушууда.

XS
SM
MD
LG