Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

БУУ: Ооганстанда жарандардын өлүмү азайганы менен жараат алгандар арбын


Кундуздагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан жарадар келин

Кундуздагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан жарадар келин

Улуттар Уюму Ооганстанда ушул жылдын биринчи кварталында 600 карапайым адам каза таап, бул 2015-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 13% аз экенин билдирет.

17-апрелде БУУнун Ооганстандагы миссиясы жарыялаган маалыматта ошол эле маалда ар кандай жараат алган адамдардын саны 11% өскөнү айтылат.

Баяндама эл көп жашаган аймактарда аскерий операциялардын күчөшүнөн улам жараат алган балдардын саны 29%, ал эми аялдардын саны 5% өскөнүн көрсөтөт.

Жарадарлардын 60% өкмөткө каршы топтордун колунан жабыркаса, коопсуздук күчтөрү дагы миномет, граната сыяктуу массалык жок кылуучу курал-жарак колдонгону белгиленет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG