Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Катарда мунай экспорттоочу мамлекеттер мунаса таба алышпады


Иран мунайын дүйнөлүк базарга кайрадан алып чыга баштады.
Иран мунайын дүйнөлүк базарга кайрадан алып чыга баштады.

Дохадагы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин дүйнөлүк базарда мунайдан баасы кескин түшүп кетти. Лондон биржасында Brent үлгүсүндөгү мунай 7 пайызга, баррели 40 долларга арзандады. Мунун алдында Катарда мунай өндүрүүчү мамлекеттердин саммити аяктап, анын катышуучулары бааны көтөрүү үчүн өндүрүштү кыскартуу боюнча бир пикир таба алышкан жок.

Буга АКШнын узак жылга уланган санкциялары жокко чыгарылгандан кийин дүйнөлүк мунай базарына кайткан Ирандын позициясы жолтоо болду. Тегеран өндүрүштү азайтуудан баш тартып, өз өкүлүн Дохадагы саммитке жиберген жок. Сауд Аравия Ирансыз кыскартууга барбай турганын жарыялады. Акыркы жумаларда Дохадагы жыйында мунай өндүрүшү азайтылат деген кабар тарап, баа кымбаттай баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG