Акыркы маалыматтарга караганда, каза тапкандар 250го чукулдап, эки миңдей адам түрдүү жаракат алышканы кабарланууда. Түштүк Американын чыгыш жээгинде жайгашкан бул мамлекетте күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө 16-апрелде болгон. Куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды чыгаруу менен алектенип жатышат.
Силкинүүнүн очогу баш калаа Китодон 150 чакырымдай алыста жайгашкан. Эквадор өкмөтү бул жер титирөөнү 1979-жылкы 600дөй кишинин өмүрүн алып, 20 миңдей киши жаракат алган зилзаладан кийинки масштабдуу кырсык катары мүнөздөдү.