Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Спикер качан шайланары белгисиз


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин төрагасы ушул аптада парламенттин жалпы жыйынында шайланышы мүмкүн экенин парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, фракциялар спикер тандоо боюнча орток сунуштарын бере элек. Ошондуктан азырынча маселенин кайсы күнү талкууланары так эмес. Кыргызстанда өкмөттүн отставкасынан кийин премьерлик кызматка Сооронбай Жээнбеков келгенине байланыштуу анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков 13-апрелде кызматын тапшырган. Төрага шайлоо маселеси талапкерлер мунаса таба албай жатканына байланыштуу чечилбей калганы айтылган. Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган. (NT)

XS
SM
MD
LG