Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкек-Ош каттамынын 132-135-жана 222-250-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо максатында 16-апрелден тарта артиллериялык курал менен кар көчкүсүн атып түшүрүү аракеттери көрүлүп жатат.
Кечээ 24 жолу аткылоо жүргүзүлүп, көлөмү 179000 м3 көчкү түшкөн. Жол жээгине жеткен эмес. Мындай аракет бүгүн да уланат. Көчкү аткылоо иштери учурунда каттам ачык болуп, жол жүрүүгө чек коюлбайт. (NT)