Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту уланууда


Бишкек сотунда бүгүн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту уланууда.

Өткөн отурумда Коркмазов ага коюлуп жаткан айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, Назгүл Түлеевадан алган 50 миң долларды Нарымбаевге бергенин билдирген. Бирок издөө учурунда Нарымбаевдин иш бөлмөсүнөн ал акча табылган эмес.

Биринчи Май райондук соту былтыр Нарымбаев менен Коркмазовго тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга кескен жана үй-мүлкү тартылып алынсын деген өкүм чыгарган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG