Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ИМдин кирешеси 30 пайыз азайды


Даиш согушкери.
Даиш согушкери.

АКШдагы IHS аналитикалык борбору "Ислам мамлекети" террордук тобунун кирешеси акыркы 15 айда 30 пайызга кыскарганын билдирди. IHS борборунун бүгүн жарыялаган баяндамасына караганда, экстремисттик топтун кирешеси март айында 56 миллион долларга чейин түшкөн. 2015-жылдын орто ченинде бул көрсөткүч 80 миллион долларды чапчып турган. Бул аталган топ көзөмөлдөгөн аймактарда мунай өндүрүү 33000 баррелден 21000 баррелге түштү дегендик. Ага негизинен өндүрүштүк жайлар аба соккуларынан жапа чегиши себеп болгон.

Ошол эле учурда "Ислам мамлекети" террордук тобу Сирия менен Иракта басып алган аймагынын 22 % кол жууп, мурдагыдай 9 миллион эмес, 6 миллиондон ашыгыраак кишиге гана көзөмөл жүргүзүп калган. Муну менен салык базасы да азайган. Согушкерлер бул кенемтени толтуруу максатында салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таба баштаган. Маселен, спутник антеннасын колдонгондор же жашаган аймагынан сыртка чыккандар үчүн төлөмдөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG