Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Акыйкатчы Пакистандагы кыргыз элчилигинин ишин сындоодо


Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандын Пакистандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Сагынбек Ибраевди жана элчиликтин консулу Эсен Аксамаевди туура эмес маалымат таратып жатат деп айыптоодо. Бул тууралуу омбудсмендин кеңсеси бүгүн кабарлады.

Пакистанда уулун күйөөсүнөн кайтарып ала албай жүргөн кыргызстандык келиндин окуясы боюнча түшкөн арыздын негизинде териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында элчилик чындыкка дал келбеген маалымат таратууда деген тыянак чыгарылган.

Акыйкатчы учурда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге атайын кат менен кайрылып, Ибраев менен Аксамаевдин иши ээлеген кызматына канчалык дал келерин текшерүүнү өтүнөрүн айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG