Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

ИМ тобунун акчасы азайды


"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери

Ирак менен Сириянын аймактарын көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” террордук тобунун кирешеси кеминде үчтөн бирге азайды. Мындай тыянакты АКШда жайгашкан иликтөө уюмдун соңку эсептери көргөздү.

Кыргызстанда да тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук тобунун кирешеси азайып жатканы баш кеңсеси АКШда жайгашкан IHS аналитикалык уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат.

- Биздин баяндамабыздын негизги тыянагы - “Ислам мамлекети” террордук тобу 2015-жылдын жайынан бери өз кирешесинин 30% жоготкон. Кирешенин азайышы “Ислам мамлекети” тобу алар халифат деп атаган аймакты башкарууда колдонгон каржы агымдарынын баарына тиешелүү. Мисалы, мунай сатуудан түшкөн кирешенин азайуусу бир жагынан эл аралык коалициянын аба соккуларына байланыштуу. Коалициянын учактары аба соккулары учурунда “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөгөн активдерди бутага алып жатты. Экинчи жагынан бул “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөгөн аймактарынын бир бөлүгүн жоготконуна байланыштуу да болду. Биздин эсебибизде, алар акыркы 15 айда мурда көзөмөлдөгөн аймактардын 20-22% айрылды. Бул кезегинде “Ислам мамлекети” тобу салык алган адамдардын жана бизнестин саны азайды дегенди да туюндурат”,- деди “Азаттык” менен маегинде баяндама авторлорунун бири Людовик Карлино (Ludovico Carlino)

IHS аналитикалык уюмунун баамында, эгер 2014-жылдын орто ченинде “Ислам мамлекети” террордук тобунун карамагындагы аймактарда тогуз миллиондой киши жашаса, азыр алты миллиондой адам бар.

Баяндамада жазылгандай, эгер былтыр жыл ортосунда бул радикал топ мунай сатуудан айына кеминде 80 миллион доллар киреше тапса, быйыл март айындагы санактар киреше өлчөмү 56 миллион доллардын тегерегине түшкөнүн көрсөттү.

Башкача айтканда, эгер былтыр жыл ортосунда “Ислам мамлекетинин” террорчулары көзөмөлдөгөн аймактардан күнүнө 33 миң баррел мунай чыкса, АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынан өндүрүш жабдуулары талкалануусунан улам өндүрүш көлөмү азыр 21 миң баррелге чейин азайган.

IHS аналитикалык уюмунун баамында, “Ислам мамлекети” террордук тобу азыр деле Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө олуттуу күч бойдон калууда. Бирок анын киреше булактарынын азайуусу карамагындагы аймактарды узак мөөнөткө башкаруу кубатын кыйла алсыратат.

Ирак менен Сирияда соңку айларда “Ислам мамлекети” тобунан жаңы аймактар бошотулган менен маселен Ирактын эки миллиондой калк жашаган эң ири Мосул шаары халифатчылардын колунда али кала берүүдө.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00
Түз линк


Салыктар көбөйдү

IHS аналитикалык уюму белгилегендей, ИМ террордук тобунун кирешесинин 50% салыктан жана мүлк тартып алуулардан, 40% мунай сатуудан, калганы маңзат аткезчилигинен, электр энергиясын сатуудан, уурдалган адамдар үчүн төлөнгөн кундан, топко жан тарткандардын салымдарынан келет:

- “Ислам мамлекети” террордук тобу карамагындагы аймактардын баарында экономикалык ишмердик үчүн 20% салык киргизген. Бирок алар муну диний жол менен түшүндүрүшүп, зекет деп коюшат. Мындан тышкары алар түрдүү бизнес ишмердиктен түшкөн кирешеден да салык алышат. Алардын чек арасынан өткөн товарларга, анын ичинде атүгүл сууга дагы бажы салыгын киргизишкен. Диний азычылыктардын, бай адамдардын кыймылсыз мүлкүн, жерин конфискациялашып, кайра өздөрү уюштурган жергиликтүү аукциондордо сатышат. Конфискацияланган мүлктөрдү сатуу боюнча атайын кыймылсыз мүлк агенттиктери, уюштурулган системасы да бар, - деди Азаттык” менен маегинде уюмдун талдоочусу Людовик Карлино (Ludovico Carlino).

Алар акыркы 15 айда мурда көзөмөлдөгөн аймактардын 20-22% айрылды. Бул кезегинде “Ислам мамлекети” тобу салык алган адамдардын жана бизнестин саны азайды дегенди да туюндурат.

“Ислам мамлекети” террордук тобу азыр карамагындагы аймактарда жаңы салыктарды киргизип жатышын IHS аналитикалык уюму ал каржылык каатчылыкка кабылганынын белгиси катары сыпаттоодо. Мисалы, шарият мыйзамы боюнча балак уруу жолу менен жазалана тургандарга соңку кездери мындан акча төлөө аркылуу кутулуу сунуш кылына баштаган.

Буларга кошумча үйүнө спутник орноткондор, шаардан чыгууну каалагандар үчүн да салык киргизилген. ИМ көзөмөлдөгөн аймактарда Курандын сүрөөсү тууралуу суроолорго туура эмес жооп бергендерге да салык салынат.

Жакында америкалык расмий өкүлдөр “Ислам мамлекети” тобундагы чет элдик согушкерлердин саны азайып, 25 миңге чейин түшкөнүн, алардын маянасы да жарым эсе кыскарганын билдиришкен.

ИМ тобунун катары эң калыңдаган кезде анда 120дай өлкөдөн келген чет элдик согушкерлердин саны 35 миңге чейин жеткен эле. Эл аралык аракеттерден улам чет элдик согушкерлердин Ирак менен Сирияга кирүүсү кыйындагандыктан, алар эми Ливияга жер которуп жатканын өткөн аптада АКШ президенти Барак Обама да белгилеген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG