Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Баткенде насыбайга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы акция өттү


Бүгүн Баткен райондук акимчиликке район аймагынан насыбай тамеки айдап жан бакан 200дөн ашык дыйкан-фермер чыкты. Алардын койгон негизги эле талабы - насыбай өндүрүүнү токтотуу багытында иштелип жаткан мыйзам долбооруна каршылык билдирүү.

Бакытбек Муратов Кыштут айылдык кеңешинин депутаты:

- Дара жана Кыштут айылдары ушуну менен тиричилик өткөрөт. Үлүш жер аз болгондуктан башка өсүмдүк айдоого мүмкүнчүлүк жок.

Чогулгандар менен жергиликтүү жана облустук бийлик өкүлдөрү жолугуп, азырынча мыйзам долбоору талкууланып жатканын гана айтышты.

Ошондой эле алар расмий тыюу салына электигин, быйылкы жыл үчүн тамекини айдай берүүлөрү керек экенин айтып, жергиликтүүлөрдүн кайрылуусун мыйзам демилгечилерине расмий жеткирерин билдиришти.

Баткен облусунда жалпысынан жылына бир миң гектарга чейин насыбай өндүрүүчү тамеки айдалып, жылдык киреше 400 млн сомго чейин болоору айтылып келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG