Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Тоңдо жер маселесине байланыштуу пикет өттү


Бүгүн Тоң районунун жашоочулары 102 гектар аянттагы жерди трансформациялап, элге берүүнү талап кылып чыгышты. Бул тууралуу Кара-Ой айылынын башчысы Тынчтыкбек Казиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңеш айылдын аймагындагы жер тилкелерин трансформациялаган. Бирок ушул күнгө чейин ага жогору турган бийлик органдарынан уруксат берилбей жатат.

- Эл бул жерге үйлөрүн куруп алган, бирок бүгүнкү күнгө чейин алар суу алууга жана электр энергиясын пайдаланууга мыйзам чегинде укугу жок. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр бүгүн 4 боз үй тигип, жерлерди мыйзамдаштырып берүүнү талап кылууда, - деди ал.

Нааразы тарапты укканы барган облус жетекчиси Аскат Акибаев 29-мартта өкмөт жерлерди трансформациялоо боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизгенин айтты.

Ал көйгөйдү чечүү үчүн 10 күндүк убакыт берүүнү сурады.

Акциянын катышуучулары эгер талабы аткарылбаса Бишкекке, Ак үйгө чейин жөө жетүүгө даяр экенин билдирди.

Бүгүнкү пикеттин башталышында 2 миңдей адам чогулганын уюштуруучулар айтууда. Ал эми жергиликтүү милициянын маалыматына караганда, облус жетекчилиги келген маалда 60-70 адам турду.

Аскат Акибаев менен жолуккандан кийин нааразылыкка чыккандар тарап кетти. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG