Социалдык фонддун төрагалыгына Нурдин Ибраев дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аны мурда ээлеген ордунан бошотуп, жаңы кызматка дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ибраев буга чейин Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары болуп иштечү. Ал эми мурунку төрага Мухамметкалый Абылгазиев өкмөт алмашканда биринчи вице-премьер-министр болгон. (NT)