Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Ооганстандагы суу ташкын 30 өмүрдү алып кетти


Ооганстандын түндүк райондорундагы суу ташкын кеминде 30 адамдын өмүрүн алып кеткенин бүгүн "Азаттыктын" ооган кызматына өлкөнүн Чукул кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, суу ташкын Тахар, Бадгис жана Саманган провинцияларында болгон. Андан Тахарда 10, Бадгисте 15 жана Саманганда 5 киши ажал таап, ондогон үйлөр жабыркады.

Ооганстандын түндүгүндөгү бул райондор үчүн мындай суу ташкындар көнүмүш көрүнүш. Кээде сел жер көчкү менен да коштолот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG