Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Порошенко орус бийлигин Савченкону бошотууга чакырды


Надежда Савченко

Надежда Савченко

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, камактагы учкуч Надежда Савченкону токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу Украина президентинин басма сөз кызматы билдирет. Тараптар Надежда Савченко менен Украинанын Ростовдогу башкы консулун жолуктуруу жөнүндө макулдашты. Порошенко Савченконун саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу аны украиналык же немис дарыгерлерине көрсөтүүнү сурады. Сүйлөшүү маалында орусиялык жоокерлер Евгений Ерофеев менен Александр Александровго байланышкан маселе да талкууланды. Киевдин Голосеев соту дүйшөмбүдө Орусиянын жарандары Евгений Ерофеев менен Александр Александровду мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин аларды Надежда Савченкого алмашуу ыктымалдыгын президент Петро Порошенко айткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG