Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Жоокерлердин укуктары тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланат


Кыргыз жоокерлери

Кыргыз жоокерлери

Бүгүн Койташтагы Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын аскердик даярдык борборунда 2015-жылы армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылат. Ага укук коргоочулар, аскер кызматкерлери, президенттик аппарат, парламент, Коргоо кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын, Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү катышат.

Жыйында “Кылым шамы” бейөкмөт уюму аскердеги көйгөйлөр, анын алдын алуу аракеттери, мыйзамдагы өксүктөр тууралуу маалымат берет. Жыйынтыгында өкмөт менен Жогорку Кеңешке маселени чечүүнүн жолдору сунушталат. Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдиргендей, армиядагы зордук-зомбулукту иликтөөгө ЖККУ көмөктөшкөн. Армияда милдетин өтөп жүрүп, күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт жылда 62ге жеткен. Алардын 70 пайызы өз жанын кыйганы жана аскерде чечүүгө муктаж олуттуу көйгөйлөр бардыгы буга чейин парламентте айтылган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG