Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталат


25-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өткөрүлөт.

Күрөштүн аталган түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Майрамбек Атабековдун айтуусунда байгелер жети салмакта (-55 кг, -60 кг, -66 кг, -74 кг, -84 кг, -96 кг, +96 кг) ойнотулат.

Ага 300дөн ашуун балбан катышат.

Чемпиондуктун алтын байгесинин ээлери быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө боло турган экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна жолдомо алат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG