Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Исаев менен Төрөбаевдин талапкерлиги жалпы добуш берүүгө коюлат


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинде бүгүн төраганы шайлоо маселеси каралып, спикерлик кызматка талапкер катары «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин экөөнүн тең талапкерлиги жактырылды.

Эми алар жалпы парламенттин кароосуна чыгарылат.

Жогорку Кеңештен кабарлашкандай, кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, кыргыз парламентинин спикерлигине шайланат.

Добуш берүү качан болору азырынча белгисиз. Регламент боюнча жакынкы пленардык жыйын эртең, 20-апрелде өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG