Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооганстанда талиптер чабуулун күчөттү


Ооганстандагы талиптер
Ооганстандагы талиптер

Ооганстанда талиптер Кундуз провинциясына чабуул коюшту. Ага чейин Гелманд провинциясында кырдаал оор экени кабарланып жаткан. 19-апрелде Кабулда ири жардыруу болуп, атышуу орун алды.

19-апрелде Кабулда бомба салынган автоунаа жардырылды. Жабыркагандар бар экени айтылууда.

Ага чейин талиптер жазгы чабуулун Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясында 15-апрелде баштаган. Андан бир нече күн мурун талиптер жазгы чабуулу каза болгон лидери Молдо Омардын урматына “Омари операциясы” деп аталарын жарыялашкан.

Маалыматка караганда, чабуулга жүздөгөн талиптер катышууда. Өкмөттүк күчтөр чабуулду майтарып жатат. Кундуз провинциясынын полициясынын башчысы Касим Жангалбах Рейтерге кабарлагандай, жоочулар түнү менен Чардара районундагы бир нече полиция бекетине кол салышкан. Талиптер ошондой эле Кундуз шаарынын чыгышында жайгашкан Чаркаб жергесине да чабуул койгон. Өкмөттүк күчтөр аны да майтарышкан.

Кундуздун полициясынын маалыматы боюнча, кагылышууда 49 талип өлүп, 61и жарадар болгон. Өкмөттүк күчтөрдөн төрт адам окко учуп, 11и жарадар болгон.

Кундуз провинциясынын Калаа Зол районунун акими Махбубулло Сохиби 17-апрелде орун алган кагылышуу жөнүндө “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берди:

- Кагылышуу болду. Талиптерден сегиз киши өлдү. Өлгөндөрдүн арасында Мавлави Хакияр аттуу командир бар экенин тааныдык. Калгандарын тааный албадык.

Кундуз провинциясынын тургундарын талиптердин чабуулу бир топ беймазага салып жатат. Ахмадулло аттуу тургун "Азаттык" радиосуна эки күндөн бери айыгышкан кагылышуу жүрүп, тургундар жерлерин кайрадан талиптер тартып алышат деп чочулап жатканын билдирген. Шукрулло деген дагы бир тургун өкмөттүк күчтөргө кошумча жардам келбесе, алар өткөн жылдагыдай Кундуз шаарын дагы тартырып жиберет дейт.

Айыгышкан кагылышуу Кундуз шаарына эки чакырымга жакын аралыкта, алты райондо жүрүп жатат.

Өткөн жылы сентябрь айында талиптер Кундуз шаарын басып алган. Өкмөттүк күчтөр НАТОнун аба күчтөрүнүн колдоосу астында гана шаарды кайра алышкан. Анда полиция, аскер жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам өлгөн.

Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Паниер өткөн жылдагы чабуулдан кийин талиптер шаардын чет жакасында кала берген деди:

- Аларды кууп чыккан менен шаардын четинде эле кала беришкен. Муну жергиликтүү калк ошондо эле эскерткен. Эми талиптер Кундузга кайрадан чабуул коюп, күчүн көрсөткүсү келип жатат.

Брюс Паниердин пикиринде, кырдаал Ооганстандын түндүгүндө эле эмес, түштүгүндө да оор. Белгилүү болгондой Гелманд провинциясында өкмөттүк күчтөр бир нече районду талиптерге калтырууга аргасыз болгон.

Жалпысынан талиптерде 30-40 миң жоокери болушу мүмкүндүгүн белгилеген Паниер, бирок алардын так санын аныктоо кыйын дейт. "Анткени жөнөкөй дыйкан талиптер келгенде аларга кошулуп, куралдуу талипке айланышы мүмкүн, алар кетсе кайрадан дыйканга айланат", -дейт Брюс Паниер.

Ооганстандагы кырдаалдын курчушу түркмөн бийлигин да чочутуп, бул өлкө Мары облусунда күч структураларын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин кабарлады. Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюму дал ушул күндөрү Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрүүдө.

18-апрелде башталган машыгууга 1,5 миң аскер катышат. Ага көз салуу үчүн ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Дүйшөмбү шаарына келди. 22-апрелге чейин созула турган машыгууга Кыргызстандан да аскерлер катышып жатканы кабарланды.

Бул арада Бириккен Улуттар Уюму быйылкы жылдын үч айында Ооганстанда катардагы жарандар арасында жарадарлар көбөйгөнүн маалымдады. БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстанда каза тапкан катардагы жарандардын саны 600гө жетип, бул өткөн жылдан ушул мезгилине салыштырмалуу 13% төмөн. Бирок жарадар болгондордун саны 1,343 болуп, 11% көбөйгөн. Жарадар болгон балдардын саны да өсүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG