Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Президент Атамбаев Эквадор элине көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн курмандыктарга алып келген зилзалага байланыштуу Эквадор президенти Рафаэл Висенте Корреа Дельгадого көңүл айтты.

«Ушул оор учурда Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшөрүбүздү, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин кааларыбызды билдирип коюуну өтүнөм» деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Түштүк Американын түндүк-батышында жайгашкан Эквадордо 16-апрелде болгон 7,8 баллдык жер титирөөдөн мерт кеткендердин саны 400дөн ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG