Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

MegaCom май айында сатыкка коюлат


MegaCom («Альфа Телеком») мобилдик байланыш компаниясы май айында сатыкка коюлат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде маалымат берип жатып каржы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт жакын арада быйылкы жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизип, «Альфа Телеком» ишканасын сатуудан түшкөн каражатты жол курулушуна жумшоону пландаштырууда.

Комитеттин бүгүнкү жыйынында Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулушу тууралуу сөз болду.

MegaCom таза кирешеси 2 млрд сом болуп жатканына карабай Экономика министрлиги анын банкротко баратканын билдирип келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG