Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Балыкчы – Корумду жолун курууга каражат Улуттук банктан алынат


Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна Улуттук банктын кирешесинен алынган каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы интервенция жүргүзүү натыйжасында Улуттук банк 900 млн сом киреше таап, мамлекеттик бюджетке которгон, бүгүнкү күндө анын 500 миллиону жол курууга берилди.

Ысык-Көлдөгү Балыкчы – Корумду унаа жолун оңдоо иштери былтыр ноябрда башталган. Алгачкы баасы 9,9 млрд сом деп бааланып, тендерге катышкан кытайлык "Лонг Хай" компаниясы аны 6,8 млрд сомго куруп берүүнү убада кылган.

Шарт боюнча кыргыз тарап алдын ала 680 млн сом бөлүшү керек болсо өкмөт анын 180 млн сомун гана берген.

Быйыл 8-апрелде кытайлык компания өкмөттүк каржылоо толук болбой жатканына байланыштуу ишти токтоткон.

Аталган маселе буга чейинки өкмөттүн отставкасына таасир тийгизген. Тендерди текшерген депутаттык комиссия мыйзам бузуу болгон деп өкмөттү айыптап, бирок экс-премьер Темир Сариев бул айып эч негизсиз экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG