Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Ооганда талиптер чабуулунан кеминде 20 адам мерт кетти


Талиптер уюштурган жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул, 19-апрель, 2016-жыл.

Талиптер уюштурган жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул, 19-апрель, 2016-жыл.

Ооганстан баш калаасы – Кабул шаарында жанкечти өзүн жардырып, кеминде 20 адам мерт кетти. Расмий булактар 300 ашуун киши жарат алганын кабарлады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Садык Садыки окуя 19-апрелде эртең менен Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарына жакын жерде болгонун, жанкечти унаа ичинде өзүн жардырганын маалымдады. Анын артынан атышуу болгон. Жардырууга жоопкерчиликти “Талибан” өзүнө алды.

Мамлекет башчы Ашраф Гани окуяны “террордук кол салуу” деп атап, мындай чабуул ооган бийлигинин терроризмге каршы күрөшүн солгундата албастыгын билдирди. Мерт кеткендер арасында жайкын тургундар жана күч кызматкерлери бар.

Жардыруу болгон жерден бир канча жүз метр нарыда президенттик аксарай жайгашкан.

Талиптер апрелдин башында “жазгы чабуулдар” башталганын жарыялаган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG