Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Жапонияда электрондук тери ойлоп табышты


Жапониянын окумуштуулары адамдын канындагы кычкылтектин деңгээлин текшерип туруучу электрондук тери ойлоп табышты.

«Тери-монитор» деп аталган бул аппарат желим баштыкка окшош жука жана кадимки кычкылтек мониторундагыдай кызыл, көк сызыктар улам чыгып турат.

Токио университетинин илимпоздору ошондой эле адамдын терисине жабыштырылган бул желимден кычкылтектин деңгээли цифралар менен секунд сайын жаңыланат. Электрондук териге оптикалык майда сенсорлор тагылган.

Мындан бир аз мурда Science Advances журналы кандагы глюкозанын деңгээлин текшерүүчү көзгө кийе турган акылдуу линзалар чыкканын кабарлаган эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG