Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Султан Жумагуловдун “Журналистикага жол” китеби жарык көрдү


Белгилүү журналист жана медиа эксперт Султан Жумагуловдун “Журналистикага жол” аттуу китеби жарык көрдү. Анын бетачары 20-апрелде Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтөт.

Китеп Кыргызстан эгемендик алгандан берки атамекендик журналистиканын өнүгүү жолдоруна, проблемаларына, журналисттик өнөрдүн сырларына, кесиптик этиканын негизги эрежелерине арналган.

Анда азыркы доордо журналисттин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарандык коом алдындагы ролу жана жоопкердиги жөнүндө сөз болуп, автордун жеке тажрыйбасынын негизинде топтолгон усулдук корутундулар жана сунуштар камтылган. Мындан тышкары технологиялык революция заманында журналистиканын мүнөзүнүн, иш ыкмаларынын өзгөрүү тенденциялары чагылдырылган.

ЖМКлардын өзүн өзү жөнгө салуусунун мааниси тууралу да сөз болот.

Окуу куралы журналистиканы кесип катары аркалап жүргөндөргө жана болочокто ушул өнөрдү тандап алган студенттерге жана жогорку окуу жай окутуучуларына, ЖМК маселелерине кызыккан бардык жарандарга багытталган.

Китеп "Медиа өнүктүрүү борбору" коомдук фонду жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын көмөгү менен жарык көрдү. (ZB)

XS
SM
MD
LG