Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

"Кылым шамы": Аскерде милдеттүү камсыздандырууну киргизүү керек


Аскерге чакырылып жаткандардын өмүрү жана ден соолугу милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. "Кылым шамы" укук коргоо борбору ушундай сунуш менен чыгып жатканын бүгүн "Азаттыкка" анын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Айтымында, Конституция боюнча ар бир эркек жаран аскердик кызматын өтөшү керек, демек, бул милдет болгондуктан, мамлекет да милдеттүү түрдө кепилдик бериши керек:

- Ата-энеси 18-19 жашка чыгарып, кызмат кылсын деп мамлекеттин колуна тапшырып жаткандан кийин мамлекет кайра балаңарды сак-саламатта, алты санын аман кылып кайтарып берем деп кепилдик бериши керек.

"Кылым шамы" быйыл аскерлердин укугу боюнча экинчи мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейинкиге салыштырганда бул жолу аскерге кабыл алуу процесси жана зомбулук фактылары катталган бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Расмий маалымат боюнча, 2015-жылы аскер кызматын өтөп жаткан 10 жигит каза тапкан.

Жогорку Кеңештин эксперттери укук коргоочулардын камсыздандыруу боюнча демилгесине каршы болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG