Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Былтыр аскерде он жоокер мерт болгон


Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапты. Бул расмий статистика экенин бүгүн "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы 13 аскер мерт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокер өмүрүнөн ажыраган.

Дээрлик бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, көбүнчө алар өз жанын өзү кыйган деген тыянак чыккан. "Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес", дейт укук коргоочу.

"Кылым шамы" быйыл аскерлердин укугу боюнча экинчи мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейинкиге салыштырганда бул жолу аскерге кабыл алуу процесси жана зомбулук фактылары катталган бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. (RK)

XS
SM
MD
LG