Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров прокуратурага кайрылат


Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.

Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.

Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун башкалаанын борборунда тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу чечимине нааразы болууда. Өндүрүш Токтонасыровдун айтуусунда, муну менен жарандардын укуктары чектелип, басмырланып жатат. Буга байланыштуу укук коргоочу Биринчи Май райондук прокуратурасына кайрылмакчы:

-Эл бийлик үнүбүздү уксун деп Ак үйдүн алдына чыгып атат да. Сот болсо Горький багында өткөрүлсүн деп койду. Ал жерде жарандардын үнүн ким угат. Коменданттык саат киргизилбегенден кийин тынч митингдерди өткөрүүгө чек коюунун эмне кереги бар?

Биринчи Май райондук соту 12-апрелде май майрамдарына байланыштуу Ак үйдүн алдында кандай гана жыйын болбосун өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алган. Буга пикет-митингдер коомдук саясий абалды курчутуп, башкалаанын жашоочуларына ашыкча түйшүк алып келерин негиз туткан. Мындай бүтүмгө айрым жашоочулардын жана борбордогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин кайрылуусун жүйө келтирген. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG