Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат


Белгилүү жазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара Токтогул атындагы адабият жана көркөм өнөр музейинде башталат. Көргөзмөгө жазуучунун үй-бүлөсү, айылдаштары, санаалаштары жана жогорку окуу жайлардын студенттери чакырылган. Анын жүрүшүндө «Кыргыз руху» ансамбли Насирдин Байтемировдун ырларына чыгарылган обондуу чыгармаларды тартуулашат.

Байтемиров 1916-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулуп, 1996-жылы 80 жашында дүйнөдөн өткөн. Анын жаш балдарга арналып, ыр менен жазылган жомоктору көпчүлүккө белгилүү. Ошондой эле көптөгөн поэмалар, ырлар менен катар «Күйөө», «Айып кимде», «Уркуя» пьесаларынын, «Аста секин колукту» музыкалык комедиясынын либреттосун жазган. «Отко таазим» көркөм тасмасын түзүүчүлөрдүн бири. (NT)

XS
SM
MD
LG