Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Парламентте спикер шайлоо маселеси каралууда


Жогорку Кеңеш спикер шайлоо маселесине киришти.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети бул боюнча өз сунушун берип, спикерлик кызматка талапкер катары «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин экөөнүн тең талапкерлигин кароону сунуштады.

Кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, кыргыз парламентинин спикерлигине шайланат.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.

Өткөн апта соңунда спикерликке талапкерди тандоо үчүн коалиция ички добуш берүү жүргүзүшү керек деп "Өнүгүү-Прогресс" сунуштаган, бирок буга "Кыргызстан" макул болбой койгон.

Башкаруучу коалицияга "Ата Мекен", КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" кирет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG