Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Савченко ачкачылыкты токтотту


Петро Порошенко Надежда Савченко менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө. Президенттин жанында Савченконун апасы менен сиңдиси.

Петро Порошенко Надежда Савченко менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө. Президенттин жанында Савченконун апасы менен сиңдиси.

Украина президенти Петро Порошенко 19-апрелде Надежда Савченко менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны ачкачылыкты токтотууга көндүргөнүн жарыялады.

Азыр украин тарап Киевде соттолгон орусиялык жарандар - Александр Александров менен Евгений Ерофеевди Надежда Савченкого алмаштыруу боюнча иш-аракеттер иштелип жатканын айтууда. Бирок, Кремлдин өкүлдөрү бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Буга чейин Порошенко менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөн учурунда Савченкону бошотуунун жол-жоболору макулдашылганы белгилүү болгон.

Савченко орусиялык эки журналисттин өлүмү үчүн күнөөлүү деп табылып, 22 жылга эркинин ажыратылган. Ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирип, ачкачылык жарыялаган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG