Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Ошто унаа кырсыгы эки адамдын өмүрүн жалмады


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кечээ жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн жалмады. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сай айылында “Тойота Виндом” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, 70 метрдик бийиктиктеги жардан кулап кеткен. Ичиндеги эки адам кырсык болгон жерде көз жумган.

Алар: айдоочу, 38 жаштагы Шумкар Баялиев жана жүргүнчүсү Жанар уулу Кубан (жаш курагы белгисиз). Экөө тең Сай айылынын тургундары. (RK)

XS
SM
MD
LG