Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

«Кыргыз-казак бир тууган» комедиясы чоң экранга чыгууда


Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыровдун “Кыргыз-казак бир тууган” кинокомедиясы чоң экранга чыгууда.

Тасма эки бир тууган элдин өз ара мамилеси, тили, маданияты жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. Каармандардын мүнөзүнүн жеке өзүнө тиешелүү оригиналдуу жактарын толук ачып берүү үчүн комедия жанры тандалып алынган деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" режиссер Абдыкадыров:

- Көп кыргыздар Казакстанда, Орусияда иштейт. Элибиздин ички дүнүйөсү, тарыхы, салты канчалык бай экенин көрсөтөйүн дегем. Кыргыз элинин да, казак элинин да.

Сюжетинде бир нече улуттун өзгөчөлүктөрү камтылган комедияда үй-бүлө курууну чечкен казак кыз менен кыргыз жигит туугандарынын каршылыгына кабылат. Туугандар бир чечимге келгенче баарынын башынан бир топ, бир чети күлкүлүү, бир чети өкүнүчтүү окуялар өтөт.

2013-жылдан бери тартылып келе жаткан кинокомедиянын бет ачары 28-апрелде Бишкекте өтөт жана ошондон тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Режиссердун айтымында, тасманы тартууга жалпысынан 250 миң доллар кетти. 2 миллион сомду "Кыргызфильм" берген, калган каражатты Абдыкадыров өзү тапканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG