Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

Бийликке ишенбеген орусиялыктар көбөйүүдө


Орусиялыктардын дээрлик 40 пайызы мамлекет өз милдеттерин аткарбай жатат деп эсептейт. Былтыр мындай пикирди кармангандардын саны 28 пайыз болчу. Сурмажылоону "Левада" борбору жүргүзгөн.

Иликтөөгө катышкандардын 18% гана бийликке дооматы жоктугун айткан. Ошол эле учурда суралгандардын дээрлик жарымы мамлекет өз милдеттерин аткарып жатканын белгилешкен.

"Левада" борборунун директорунун орун басары Алексей Гражданкиндин айтымында, Орусия Крымды тартып алганга чейин мамлекетке ушундай эле деңгээлде сын айтылып келген. Бирок 2012-2013-жылдарга салыштырмалуу терс пикирлердин саны азыраак болду.

Өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүп жатат деген орусиялыктардын саны бир жылда 8ден 16 пайызга өскөн. Ал эми мамлекет сенек абалга кептелди дегендердин саны 8ден 14 пайызга чейин жогорулаган.

Гражданкин эгер бир айла табылбаса, мамлекетке болгон нааразычылык күчөй берерин айтат. Бирок бийлик коомчулук көңүлүн бурган кандайдыр чакан жаңжал жаратып, анын себебин сырткы күчтөргө шылтап койсо, агым кайрадан өзгөрүлүшү мүмкүн деген оюн кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG