Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

ЖК бүгүн жалпы жыйынды токтотууну чечти


Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн түштөн кийинки жалпы жыйынды өткөрбөөнү чечти. Төрага шайланбай калгандан кийин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков жаңы талапкерлерди тандоо үчүн ишти фракцияларда улантууну сунуштады. Парламент бул сунушту колдоду:

- Парламенттин башчысы жок болууда. Ошондуктан бүгүн танапис жарыялап эле, эмки жумада төраганы шайлоо үчүн азыр фракциялар талапкерлерин жылдыра баштасын.

13-апрелде агасы премьер-министрликке келгенине байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп берген Асылбек Жээнбековдун ордуна «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев көрсөтүлгөн.

Бирок бүгүн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Исаевге 51, Төрөбаевге да 51 добуш тийип, экөө тең чыкканына байланыштуу төрага шайланбай калды. (RK)

XS
SM
MD
LG