Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Кабул: теракт курмандыктары 64кө жетти


Теракт курмандыктарын жерге берүү. Ооганстан, 20-апрель, 2016-жыл

Теракт курмандыктарын жерге берүү. Ооганстан, 20-апрель, 2016-жыл

19-апрелдеги "Талибан" кыймылынын чабуулунан мерт болгондордун саны эки эсе өсүп, 64кө жетти.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Седик Седикки 347 киши жаракат алганын билдирди.

Жардыруу эртең менен Ооганстандын башкалаасы Кабулдун чок ортосундагы күч түзүмдөрүнүн кеңселеринин жанында болгон. Набыт болгондордун көбү карапайым адамдар.

Жанкечтинин жардыруусунан кийин жоочулар куралчан чабуул жасаган.

Бийлик терактылар ооган коопсуздук күчтөрүнүн терроризм менен күрөшүүдөгү эрки менен чечкиндүүлүгүн майтара албасын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG