Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

“Чек арасыз кабарчылар”: Сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 85-орунда


Басылмалар.
Басылмалар.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму 180 мамлекеттеги сөз эркиндигин иликтөөгө алды.

Сурамжылоо аркылуу алынган маалыматта жабык саналган Түндүк Корея, Түркмөнстан, Эритрея сыяктуу өлкөлөрү да камтылган.

Борбор Азия ичинен Тажикстандагы абал 2015-жылы сезилерлик даражада артка кеткени белгиленет. Тагыраак айтканда, былтыры 116-тепкичте турса, быйыл 150-орунга түшкөн.

Казакстан 160-, Өзбекстан 166-, Түркмөнстан 178-тепкич менен сөз эркиндиги эң начар 20 мамлекеттин катарын толукташат.

Кыргызстан 85-орунду ээлеп, былтыркы көрсөтүчтөн үч тепкич жогорулаган.

Польшада кабыл алынган, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын катаал көзөмөлгө алууга уруксат берген мыйзамдан улам бул өлкөдө да сөз эркиндиги тизгинделе баштаганын белгиленет.

АКШ бир жыл мурун 49-орунда болсо, мунусунда 41-орунга көтөрүлгөн. Орусия былтыркы ордунан төрт тепкич артка кетип, 152-орунду ээледи.

“Чек арасыз кабарчылар” иликтөөну социлогдорду, юристтерди жана журналисттерди сурамжылап жүргүзгөн. Сөз эркиндиги эң мыкты деп – Финляндия, Нидерландия жана Норвегия аталды.

XS
SM
MD
LG