Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Элчи Отунбаев Путинге ишеним грамотасын тапшырды


Бүгүн Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев орус президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Расмий иш-чара Кремлдеги чоң жыйындар залында Путиндин чет элдик дипломаттар менен жолугушуусунун алкагында болду. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилиги кабарлады.

Путин сөз сүйлөгөндө Кыргызстан Евразия экономикалык мейкиндиктеги Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Кыргызстанга соода-экономикалык тармакта жардам көрсөтүү уланарын, Бишкекте быйыл сентябрда белгиленген КМШнын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөрүн да белгиледи. (NT)

XS
SM
MD
LG